"Пневмония менен ооруп жаткандар коркпогула. Коркуу абалы адамдын организминен кортизол гормонун иштеп чыгат дагы көмүр кычкыл газынын алмашуусун токтотуп, иммунитеттин түшүүсүнө алып келет. Эгер дене табыңыз көтөрүлсө, үй-бүлөлүк дарыгерге барыңыз. Өз алдынча дарылануу болбойт. Атайын иштелип чыккан алгоритмдин негизинде гана дарыланууңуз кажет", - деп билдирди бүгүнкү брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
"Коронавирус илдетине кабылган адамдардын тамакка болгон табити качып кетет. Бирок сууну көп ичүү керек. Витаминдер кошулган жана колориялуу тамактарды көп жегиле. Мисалы азыр жайдын күнү мөмө-жемиштерди көп жеп, керектүү витаминдерди дагы алып ичишиңер керек", - деди Айнура Акматова.