Бүгүн, 6-апрель саат 13:00гө карата Жалал-Абад облусундагы абал боюнча шаар коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн маалымат жыйын берип жатат. Анда облустагы акыркы кырдаал жана өзгөчө абал боюнча маалыматтар айтылды.
"Сутка ичинде жалпысынан Жалал-Абад облусунун аймагында 15 кылмыш иши катталды. Катталган кылмыштардын дээрлик баарынын бети ачылды жана алардын ичинен өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Өткөн суткада коменданттык саат убагында 20:00дөн 7:00гө чейин Жалал-Абад шаарында 6 адам, Сузак районунда 2 адам тартип бузду. Ал эми күндүзгү учурда жалпы облус боюнча 76 адам ички иштер башкармалыгына жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Андан сырткары жол эрежелерин бузуу жана документи, өткөрмө кагаздары жок жүргөн 95 автоунаа айып төлөнүүчү жайга токтотулду. Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө", - деп билдирди комендант абал тууралуу.
Шаар комендантына жарандар тарабынан ар кандай багыттагы суроолор узатылды.