Словениянын премьер-министри УЕФА уюмун коронавирусту жайылткан деп айыптады

Словениянын премьер-министри Янез Янша УЕФА уюмунун президенти Александер Чеферинди Европа чөлкөмүндө коронавирусту жайылткан деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Бул жоопкерчиликсиз. Миландагы "Сан-Сиро" стадионунда өткөн Чемпиондор Лигасындагы "Аталанта" - "Валенсия" беттеши биологиялык бомба болду. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эскертүүлөрү УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жана Европа Лигасын токтото турганы үчүн жетиштүү болгон жок. Бул алардын акчаны гана ойлоп жаткандыгын далилдейт", - деп билдирген Янша.

Буга чейин Италиянын Бергамо шаарынын мэри Жоржио Гори 19-февралда өткөн Чемпиондор Лигасындагы "Аталанта" - "Валенсия" беттешине 40 миңдей адам келгенин, бул оюн Италия үчүн биологиялык бомба болгонун айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-04-13 13:26:08
эн туура ошол Аталанта менен оюнга барган Валенсия оюнчуларынын копчулугу оору менен ооруп калган эми ал жерде канчалаган испан куйормандары болгон жана алар канчасы испанияга вирусту алып кетишкен элестеткиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан