Өкмөт башчы Кубатбек Боронов эпидемиологиялык жагдайдын терс өнүгүшүнө ар бир аймак даяр болушу керектигин айтты.
"Ар бир облустун жетекчилерине кайрылам. Учурда негизги соккуну борбор калаа жана Чүй облусу алып жатат. Вирустун жайылуу толкунун токтотуу үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок абалдын терс өнүгүшүнө даяр болууга милдеттүүбүз. Ооруканаларда орундарды алдын ала даярдагыла. Жашоочулардын жана медициналык мекемелердеги орундардын эсебин эске алуу керек. Ошол эле учурда персонал жетишпеген шартта жардам көрсөтүүгө даяр медицина кызматкерлеринин тизмесин даярдоо керек. Медициналык персонал жетишпей жатат. Ошондуктан адистерди тартуу иштерин күчөтүү зарыл. Кошумча тартылган медицина кызматкерлери аткарган ишине жараша тиешелүү айлык акысын алышат", - деди өкмөт башчы.
Премьер-министр билдиргендей, Бишкек шаарында 600дөн ашуун кошумча орун даяр.
"Аларга жайгаштырылган жарандар тийиштүү түрдө дарылана башташты. Кайдыгер эмес жарандар жардам көрсөтүп жатышат. Өкмөттүн атынан алардын баарына терең ыраазычылык билдиргим келет. Ошол эле учурда кошумча орундарды жана убактылуу госпиталдарды ачуу иштери планга ылайык уланууда. Окуу жайлардын жатаканаларынын имараттарында керектүү медициналык жабдуулар орнотулуп, дары-дармектер жеткирилүүдө", - деп, ал мындай стационарларга тажрыйбалуу дарыгерлерди тартуу зарылдыгын кошумчалады.