13-майга карата статистикага ылайык, дүйнө жүзүндө коронавирус илдетин жугузгандардын саны 4 миллион 256 миң 991ге жетти. Анын арасынан 1 миллион 488 миң 870 адам инфекциядан айыгып, тилекке каршы 291 миң 487 бейтап каза болду.
Дүйнөдө коронавирус эң көп катталган АКШда 1 миллион 369 миң 314 адам коронавирус илдети менен катталды. Андан 230 миң 287 адам сакайып, инфекцияны жеңсе, 82 миң 340 бейтап көз жумду.
12-май күнү Улуу Британия, Испанияны басып өтүп, экинчиликке чыккан Орусияда учурда 232 миң 243 адамда коронавирус инфекциясы аныкталган. Анын арасынан 43 миң 512 бейтап ооруну жеңип, 2116 адам дүйнө салды.
Коронавирустун жайылуусу боюнча 3-орунга түшкөн Испанияда 228 миң 30 адам катталды. Алардан 138 миң 980 киши вирусту жеңип, 26 миң 920 адам өлүмгө баш ийди.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.