Бүгүн, 6-апрелге карата өлкө аймагында коронавирус жуктурган 69 адам аныкталып, ооругандардын жалпы саны 216га жетти. Алардын кайсы аймактардан экендиги маалым болду.
Ош облусунда жалпы - 47, анын ичинде Ноокат районунда - 42, Кара-Суу районунда 3, Ош шаарында - 2, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда - 13, Бишкек шаарында - 5, Нарында - 1, Караколдо - 1, Баткенде - 1, Чүй облусуна караштуу Кемин районунда - 1 адамдан коронавирус аныкталган.