Ош шаарындагы эки мектептин үч окуучусунан коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин карантинге жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
"Ош шаарындагы Олимп жана Жетиген мектептери 14 күнгө жабылды. Сабактар онлайн окутулат. Аталган эки мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Ош шаарында үч окуучу коронавирус жуктуруп алганы кечээ, 13-апрель күнү белгилүү болгон.