"Жалал-Абадда 20 сомдон сатылып жаткан картошканын баасы бир күндө 45 сомго көтөрүлдү" дешет тургундар

"Жалал-Абад шаары менен Сузакта азык-түлүктөр кымбаттап жатат, ундун баасы асман чапчыды, ал эми картошканын баасы 40 сомдон 45 сомго чейин көтөрүлдү. Ошондой эле базарда бир эле товар ар кандай баада сатылууда". Мындай маалыматты бүгүн, 13-апрелде аталган аймактардын жашоочулары өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Жалал-Абад облусу боюнча жетекчиси Ниязбек Мойдиновго онлайн эфир учурунда билдиришип, суроо узатышкан.

"Базарда баалардын сөзсүз түрдө бирдей болушу шарт эмес. Ошондуктан ал жакта ар кандай баалар боло берет. Бирок монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин берген максималдуу баа чегинен ашпашы керек. Картошканын максималдуу баасы 40 сом деп белгиленген. Анын кымбатташынын себеби дүңүнөн саткандардын баалары кымбаттаганына байланыштуу", - деп жооп берди Ниязбек Мойдинов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mustafo
2020-04-13 18:44:08
Дыйкандыда ойлогулада мындай мүмкүнчүлүк дайым боло бербейт , убагында 5 сомдон да саталышкан эмес байкуштар.
-5
BarsBaatyr
2020-04-13 23:04:55
Mustafo,бул жерде дыйкандар эмес дыйкандан алган ортомчулар көтөрөт бааны. Чоң көлөмдө алып саткандардын баарынын жогору жакта коргоочусу бар. Любой дыйканга барып сурагыла. Алар саткан баа 20 сомго дагы жетпейт.
0
Mustafo
2020-04-14 14:16:43
BarsBaatyr,айиий эмне эле жеңесиңер дыйкандар интервью бердиго 30 сомдон үйдөн сатып жатабыз деп
0
zevs
2020-04-13 18:54:17
Owondo ozunor kotorgon ekensinerda baasyn.
+1
maks992
2020-04-13 20:01:18
35 сомдон сатып жатат жаман сортировка болгондорун
0
uli0404
2020-04-13 22:03:11
Ошо дүңүнөн саткандарды көзөмөлдөбөйсүңөрбү анда,шылтооңор көпда
+1
muslima-0788
2020-04-14 02:56:58
Ошто деле 40 -45 ке чыкты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан