Бүгүн, 7-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавируска байланышкан өлкөдөгү абал тууралуу маалымат берүүдө. Учурда өлкө боюнча 228 жаран коронавирус менен ооруп жатат.
"8 миң тоңдурулган үлгү алынган жарандар учурда үй карантининде. Биз алгоритмди өзгөрттүк, мындан ары обсервациядагы жарандарды үйүнө жөнөтпөйбүз. Күнүнө миңден ашуун тест алынып жатат", - деп билдирди министр.