Бүгүн, 4-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бир сутка ичинде 9 медицина кызматкери коронавирус жуктурганын билдирди. Алар:
Жалал-Абад облусунда – 2;
Бишкек шаарында – 6;
Нарын облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 216. Алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.