Беларуста дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер коронавирус эпидемиясынан коркуп, массалык түрдө эмгек өргүүгө чыгып же жумуштан кетип баштады. Бул тууралуу «Подъём» басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Минск жана Витебск шаарындагы ооруканалардын кызматкерлери алардын клиникалары эки тараптуу пневмониянын "кызыктай" түрү менен ооруган бейтаптарга толгонун айтышкан. "Биз эмне болуп жатканын түшүнүп жатабыз да. Ал тууралуу айтууга болбойт. Анткени Витебск клиникалык ооруканасынын дарыгери кырдаал тууралуу айтып коюп, прокуратура ары-бери көпкө сүйрөдү. Бизде ооруканада пенсия курагында иштегендер бар. Алар алгач пландуу өргүүгө арыз жазып, андан ары төлөнбөгөн өргүүгө чыгуу тууралуу арыз жазып жатышат", - деген врач.
Анын айтымында, "өргүүгө чыгам, болбосо жумуштан кетем" деп коркуткан дарыгерлер абдан көп.
Ал эми Минск шаарында иштеген дарыгер да акысыз өргүүгө арыз жазганын билдирген. "Мен азырынча арызга кол коюшабы, ошону күтүп жатам. Жумушту жоготуп алуудан коркпойм. Дарыгерлер бардык жерде керек. Мен шарт болсо иштегенден баш тартпайм. Бизде, мисалы, учурда бейтап эч кандай шарты жок тери-венерологиялык бөлүмдө жатат. Бул кооптуу көрүнүш", - деген дарыгер.
Буга чейин Беларусь дарыгерлери бет кап, респиратор, антисептик жетишсиздигине арызданышкан жана бийлик оорулуулардын санын жашырып жатат деп нааразы болушкан. Акыркы маалыматтарга ылайык, Беларуста 861 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, анын 13ү каза болгон.