Жалган маалымат тараткан кезектеги адамдар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү УКМК жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, 1989-жылы туулган Т. уулу Ч., 1986-жылы туулган А.Т. жана 1998-жылы туулган Ж.Т. аттуу жарандар кармалды. Алар социалдык тармактар аркылуу коронавирус жана учурдагы карантин режими боюнча чагымчыл маалыматтарды тараткан.
"Жогорудагы адамдар менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин моюнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берилүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.