Бүгүн, 9-апрелде Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов онлайн маалымат жыйын берди. Анда комендант аймакта абал туруктуу экенин билдирди.
Малик Нурдинов жарандардан келген ар кыл суроолорго жооп берип, сөз соңунда уруксат кагазын алган мамлекеттик кызматкерлерге жана жарандарга кайрылды.
"Атайын уруксат кагазын алган айрым мамлекеттик кызматкерлер аны өз кызыкчылыгында колдонуп жатышат. Бул такыр туура эмес. Унаасына киши салып ташыган фактылар катталууда. Мен суранып кетет элем, мыйзамга баш ийип, өз кызматыңыздарды так аткарыңыздар. Ошондой эле элди азык-түлүк менен камсыздап жатам деп уруксат кагазын алган жарандар да аны туура эмес колдонуп жатышат. Ал кагаздын жардамы менен белгиленген аймактан чыгып кетип жатышат. Элге кызмат көрсөтөм деп алган уруксат кагаздарын жеке кызыкчылыкта колдонгонду токтоткула", - деди Нурдинов.