"Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана меймандары, сиздерди жарандык жоопкерчилигиңизди көрсөтүүгө чакырабыз". Мындай билдирүүнү облустук администрация социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Видеодо көрсөтүлгөн жаран менен Бишкектен Балыкчыга чейин эл ташыган кичи автобус менен 24-март күнү болжол менен саат 18:00дөн 23:00гө чейинки аралыкта келгендер болсо, тезинен жашаган жериндеги үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна же ФАПка кайрылгыла. Анализ тапшырууга чакырабыз.
Кайрылган жарандардын аты-жөнү купуя сыр сакталарына кепилдик берилет",- деп жазылат маалыматта.