Орусиянын Москва шаарында хостелдерде акысыз жашаган кыргыздар бардык эскертүүлөргө карабастан, чыгып кетишкен. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Буга чейин Оренбургда эмгектенген мигранттар март айында Москвадагы хостелдерге жайгаштырылган.
"29-марттан бери хостелде акысыз жашап жаткан жарандар элчиликтин, диаспоранын эскертүүлөрүнө карабастан Казакстан аркылуу мекенге кайтабыз деген максатта чыгып кетишкен. Алар Соль-Илецк шаарында Казак-Орус чек арасы аркылуу жарандарды өткөрүп жатыптыр деген кепти угушкан. Биз аларга чек арадан 16-марттан бери күтүп жаткан жарандарды гана өткөрөрүн бир нече жолу эскерттик", - дейт мекеменин басма сөз катчысы.
Кечээ, 7-майда мекенге кайтып келе жаткан 70ке чукул кыргыздар Казак-Орус чек арасында калып калышканы кабарланган.