Каржы министрлиги: "Медицина кызматкерлерине кошумча төлөм катары 38 миллион сом бөлүнөт"

Бүгүн, 9-апрелде саат 15:00дө Өкмөт үйүндө кайрадан брифинг өттү. Анда каржы министринин орун басары Марлен Амандыков маалымат берди. Ал атайын эсепке түшкөн акча каражаттар жана айлык акылар боюнча айтты. Амандыков белгилегендей, бүгүнкү күндө атайын депозиттик эсепке 116 миллион 808 миң сом түштү. Анын ичинен 38 миллион 559 миң сом комиссиянын чечими менен медицина кызматкерлерине кошумча каражаттар деп каралган.

"Бүгүнкү күнгө карата 1 миллион 945 миң сом кассалык чыгым болду. Экинчи депозиттик эсеп - Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде ачылган. Ага 7 миллион 839 миң сом түштү. Анын ичинен 4 миллион 379 миң 996 сом Бишкек мэриясына жана Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бөлүндү. Маалыматтар менен жарандар толугу менен Каржы министрлигинин сайтынан таанышса болот.

Бугүнкү күндө казыналык систем толук штабда иштеп жатат, пландаштырылган айлык акылар, жөлөк пулдар берилет. Апрель ай ичинде 1 миллиард сом социалдык фондго, 609 миллион сом социалдык жөлөк пулдарга бөлүнгөн", - деди Амандыков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан