Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"25-март күнү ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан “Мадина”, “Аламүдүн”, “Орто-Сай” жана “Ош” базарларында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын алдында дезинфекциялоочу аймактагы жарандарга атайын катуу үн чыгаруучу жабдык менен коопсуз жайга туруу эскертилген.
Мындай аракеттер өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө, ага ӨКМнын өздүк курамы жана өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Жалпысынан 1 миллион 846 миң 818 чарчы аймак дезинфекцияланды", - деп жазылат маалыматта.