Кечээ, 8-апрелде Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасындагы дарыгерлер байланышка чыгып, бийликке кат жолдошкон. Анда алар "бизге жалаа жабышпасын, ажы тойго эч ким барган эмес. Ажы тойго шылташпасын, бул жерде ич ара вирус жугуу болгон", - деп катка 20 дарыгер кол койгон.
Ал эми бүгүн, 9-апрелде жалаага кабылдым деген дарыгердин жеке каты жарыяланган. Анда дарыгер абалы оор экенин айтып, билдирүүсү коомчулукка жетүүсүн өтүнгөн. Кат жазган дарыгердин учурда ден соолугу кечээги күнгө караганда жакшырып калганын анын кесиптеши кабарлады.
Ал эми SUPER.KG порталы вирус жуктуруп, учурда бейтапканада жаткан дарыгер менен байланышып, анын абалын билип, кээ бир маалыматтарды алды.
"Биздин жолдогон катыбызда абал кандай болгону тууралуу жазылган. Учурда ажы тойго барып, вирус жуктуруп алгансың деп айыпталып жаткан дарыгер экөөбүз эки башка палатада жатабыз. Жаңы эле ал кесиптешим менен сүйлөшсөм, "абалым бир аз жакшы болуп калды" деди. Ал "көңүлүм жайына келип, дене табым бир аз түштү" деп айтканын өз оозунан уктум. Өзүмдүн ден соолугум дагы кечээкиге караганда дурус. Кечээ абалым начар болуп кыйналып, шалдырап жаткандыктан, мени башка палатага өзүнчө которушту. Биз жазып жаткан нерселер майда эмес, маанилүү, көңүл бура турган маселе. Дарыгер ажыдан келген кошунасынын үйүнө чай ичкени кирген деген маалымат такыр туура эмес, жүрөгүбүздү жанчкан жалган маалымат болду. Жалган маалымат бизди чогуу, биргеликте бийлик өкүлдөрүнө кат жазууга түрттү. Чынында ал жерде бизге эч кандай шарт түзүлүп, уюштуруу иштери жакшы жүргөн эмес.
Дарыгерлер кайсы эшиктен кирип, кайсы эшиктен чыгуусу, кайсы жерден кийим алмаштыруусу боюнча баары каралышы керек болчу. Ал жерде дарыгерлерди авариялык абалдагы имаратка киргизишкен. Башка каражат эмес, имарат хлорлонуп дагы тазаланган эмес. Ошол жерге дарыгерлер аралашып барып эле шектүүлөрдөн анализ алышкан. Ошондо адамдык факторлор таасир берип, вирус жугуп калган. Анткени эч кандай коргоочу шарттар түзүлгөн эмес. Мына ушул нерселерди моюндарына албай, дарыгерди кошунаңдан жуктургансың деп күнөөлөп жатышат.
Анализ алган дарыгер андан кийин биздин жаныбызга келип иштеп вирус андан ары тарап жатат. Ал жок дегенде обсервацияда туруш керек болчу да. Биз өзүбүздөн дагы бала-чакабыздан коркобуз. Бала таттуу да, алар жашасын дейсиң, кандай болот деп санааркап ойлонот экенсиң.
Бул вирус ушундай жаман экен. Ар кимде ар кандай өтөт дешти, эски оорулар козголорун сездим. Ушундай жаман дарт экени маалымат булактары аркылуу тынымсыз айтылып жатты. Ушул нерсеге кайдыгер карабай, шарт түзүп, андан кийин гана адистерди жөнөтүш керек болчу да. Анткени умрадан келгендер менен дарыгерлер бир эшик аркылуу киришкен жана дарыгерлер ошол жайда кийинишкен. Дарыгерлер умрадан келгендер өткөн эшиктен киргенде эле баары өлдү да, дагы текшерсе көп нерсе чыгат. Аны жашырып, дарыгер кошунасына кириптир деп айтканы туура эмес. Жугузуп койгону бир, жалган маалымат эки болуп, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп жатабыз. Үй-бүлөбүздү ойлонуп, дүрбөлөңгө түшүп жатканыбыз да жалган эмес.
Үйдөгүлөргө жугуп калса кандай болот деп кабатыр болуп жатабыз. Акыбалыбызды айтсак балдар жугуштуу оорулар стационарынын башчысы уккан жок. Анткени ал учурда башчыбыз кызуу абалда жүргөнүн байкап жаттык. Маселе айтсак көңүл бөлбөй, кайдыгер карап жатты. Ал чогулуштарга барып, иш кылып жаткандай түр көрсөтчү. Чынында андай эмес эле. Биз толук корголбой жатабыз десек, буйрукту окугула деп буйрукка таянып, маселени укпай койчу. Ал мас абалында болуп, көп учурда көңүл бөлбөй койду. Биз обсервацияда жаткандан 2 күн өткөндөн кийин гана келди. Ошондо дагы жөн жаткырбадыңар деп кекетти. Обсервациядагы жарандар ал учурда ыйлап, аябай жаман акыбалга түштү. Анда дагы өзүңөрдөн да, кайдыгер мамиле кылдыңар деп жаман көрүштү", - деп билдирди окуя тууралуу айтып берген дарыгер.