Бишкектеги "Семетей" пунктунда кошумча 50 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды

Бишкек шаарындагы "Семетей" пунктунда (мурдагы "Ганси" авиабазасы) кошумча 50 орундуу бириктирилген жандандыруу бөлүмү даярдалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жандандыруу бөлүмүнө гуманитардык жардам катары келген жакшы сапаттагы Сипап-терапия аппараты (Constant Positive Airway Pressure, CPAP - дем алуу органдарына кычкылтек жеткирүүчү режими бар аппарат) келген. Андан тышкары оор жана орточо оор абалда келгендер үчүн кычкылтек концентраторлору жана жасалма дем алдыруучу аппараттар менен камсыздалган. Дарыгерлер төрт нөөмөт менен кезектешип иштешет. Бул блокко жаш реаниматолог-анестезиологдор жана аларды жетектеп Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын анастезиология бөлүмүнүн жетекчиси Жамиля Чынгышеванын келгени айтылат.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери бир аптанын ичинде бул жайды тартипке келтирип, кычкылтек системин орнотконго жардам берген.

"Семетей" пунктунда кошумча 50 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mintip-menu-suybo
2020-07-12 10:05:26
Эн жакшы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан