"Таң атпай батирдин ээси балдарыбыз бар экенине карабай үйдөн кууп чыкты" дейт Бишкек шаарынын тургуну

Социалдык тармактын колдонуучусу Айгерим Иманалиева аттуу жаран анын үй-бүлөсүн батирдин ээси бүгүн, 10-апрелде эшикке кууп чыкканын билдирип, баракчасына видео жүктөгөн.

Видеодо алар карантин маалында батирге акча төлөй албаганынан улам, аларды батирдин ээси үйдөн чыгып кетүүсүн талап кылганын билдирген.

Айгерим Иманалиевага байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Батирдин акчасын 7-апрелде төлөшүбүз керек болчу. Бирок өлкөдө мындай кырдаал орун алып, жумушсуз отуруп калдык. Мындан улам батирдин акчасын төлөй алган жокпуз. Батирдин ээсине бир аз күтө туруусун сурандык, бирок ал макул болгон жок. Бүгүн саат 7:00дө кууп чыкты. Батирде жалпы 8 адам жашачубуз. Балдарыбыз жок болсо да жөн эле чыгып кетер элек, балдар менен кыйын абалда калдык. Азыркы тапта батир карап жүрөбүз", - дейт Иманалиева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
pat12
2020-04-10 15:03:32
Туура эмес албетте. Бирок уй ээси озу чечет. Бул жерден батирчи аял канчалык денгеелде чындыкты айтып жатат.
-12
Jelezo
2020-04-10 19:19:53
pat12,квартирны ижарага бергени үчүн салык төлөбөсө керек.
+2
talant87
2020-04-10 15:10:47
Уй Ээси чечет бирок ал мамлекетке квартирант бар деп акы толобойтко. Элди ойлобосо мамлекет ага чара коруш керек
+12
Kylym.85
2020-04-10 16:08:54
Кандай болгон кундо да уй ээси бооору жок адам экен, эч нерсеси кемибейт болчу бир аз куто турса. Мен Москвада комнатага толойм, уйдун кожойуну менен карантинде бир аз скидка кыласынбы деп сурасам, карантин буткучо 40% скидка кылды. Жумушун токтоп калдыбы деп деле сураган жок, бирок жумушум токтогон жок кудайга шугур иштеп жатабыз .
+10
Samatalibei
2020-04-10 16:09:53
Үйдүн ээсини квартирага акча төлөгөн сыяктуу өз үйүнө айына 10мин сомдон төлөп турсун. Ушундай жаза бергиле. Убагында бербесе өз үйүнөн кууп чыгыш керек
-5
medet1983
2020-04-10 16:25:50
Мумкун уйдун ээси озу кыйналып жаткандыр.Уйду ипотекага алгандыр, билбей туруп бир нерсе айтыш кыйын.
-6
Samatalibei
2020-04-10 16:46:25
medet1983, Квартирадан кууп чыкса мындай учурда ордуна биро кире калмак беле! Бир ай срок бербейби азыр баардык жерде кыйынчылык акча жок жумуш жок! Азыркы учур бирин бири тушунуп жардам берип колдой турган учур. Бул күндор өтөт буйруса
+8
Ozon
2020-04-10 17:41:56
medet1983, ипотека же башка кредити бар болсо, банкка барып арыз жазса банк 3 айга чейин кредит толомдорун алууну токтото турат. Суу, светтин акчаларын да Окмот мындай шартта токпой турса болот деп айтты, заморозка кылып.... Батир ээлери шартты туура тушунуп квартплаталардын 25-30% гана алышы керек. Кмот кийлигишип мындай шартта оз козомолуно албаса кобу кочодо калат. Тем более батир кармагандардын 98%ти Окмотко салык толошпойт
+5
Baha.A
2020-04-10 18:04:45
Хозяйканын озуно салык салыш керек. Качантан бери квартирага берип жургонун аныктап туруп ошол кундон биягына. Киреше салык
+3
Sajakat14
2020-04-10 20:14:40
Baha.A,Кыргызстандын мыйзамы боюнча батирден алган акчага салык салынабы?
+3
aerforce
2020-04-10 18:23:38
Айбан акчан тешип чыксын
+1
aerforce
2020-04-10 18:27:16
Кв таап берем мага чалсын устунку абдрахманов кочодо арча бешикте 0705050685
+3
Dani
2020-04-10 18:45:06
Жаш баласы менен коруп ыйладым, ынсап берсин элдерге
+2
Elina9695
2020-04-10 20:29:46
Кудайды унуткан Адам го. Озу кече туну катуу суук болду го. Кантип дити барды.
0
Sultanim
2020-04-11 01:32:10
Балким квартирант эже да катуу сүйлөп, ачуусун күчөткөндүр.жакшы оюу м-н,мамлекет үй бере коёбу деп...азыр бир тараптуу эле уктук.
+1
kolbasa
2020-04-11 02:15:28
Жакында хозяини чыгат квартиранттар куноолуу деп кичине куто туралы биз озу ушундай элбиз
+1
Avrora2017
2020-04-11 05:25:06
kolbasa,Obaa ekinchi tarap degen prodoljenie bar, mojete serial bolup ketet
0
aizbek
2020-04-11 11:04:27
Бир аз ойлонуп анан жазгыла да жазат десе эле тараптуу жаза бербей,ушактай десе укмушсунарго,азыр адамдар ушундай болуп калды ууру кучтуу болсо ээсин доого жыгат дегендей лолунуп,озу аппак кардан таза бекен кв.рант,жондон жон эле кууп чыкпаса керек,кеп бир эле акчада эмесда,адамча тушундурсо тушунсо керек
+1
mirana9395
2020-04-11 11:49:12
Кыргызстан да дагыделе кар барбы?
0
Nuri1988Elim2010
2020-04-11 12:52:58
Экинчи видео көрсөңүздөр күнөө кимде экени көрүнүп эле турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан