Бүгүн, 30-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 102 миллион 7 миң 448 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 56 миллион 372 миң 909 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 204 миң 494 (+15749) адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 25 миллион 909 миң 336 болду. 436 миң 541 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 720 миң 48 адамдан аныкталды. 154 миң 10 адам каза болсо, 10 миллион 394 миң 352 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.