Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору "Учурдан пайдаланып чай корчулук кылган сатуучуларыбыз жок эмес" (хронология)

Бүгүн, 10-апрелде өкмөт үйүндө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров онлайн маалымат жыйын берди.

2020-04-10 15:45:00

"Биздин жарандардан арыздар түшүп жатат. Ал учурда биздин кызматкерлер соода жайларды, базарларды текшерип жатат. Бирок учурдан пайдаланып чай корчулук кылгандар да жок эмес. Мен суранып кетет элем. Азыркы абалды түшүнүп, биз койгон баадан ашырбасаңар", - деп кайрылды Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору.

2020-04-10 15:43:00

"Биз айыптарды салып жатабыз. Буга чейин физикалык жактарга миң сом айып салынып келсе, 3-апрелден тарта өлкө башчы бузуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, айыптардын баасын өзгөрткөн. Сатуучуларга эскерте кетсем. Эгер өзгөчө абал кирген район же шаарларда биз койгон бааларды ашырып сатып жаткан соодагерлер кармалса, физикалык жактарга 10 миң, юридикалык жактарга 28 миң сомдон айып салынат", - деди Сабиров.

 

2020-04-10 15:38:00

"Республикабыз тамак-ашка максималдуу баа коюу боюнча бизге тапшырма берилген. Биздин облустагы жана жер-жерлердеги кызматкерлерибиз менен биргеликте тамак-аштын 11 түрүнө баа коюлган. Ал баалар жума сайын текшерилип турат. 

Азыркы учурда кызматкерлерибиз салык кызматы жана финпол менен бирге биз тараптан коюлган бааларды текшерип чыгышууда. Анда 100гө жакын сатуучуга эскертүү берилди", - деди Сабиров.

2020-04-10 15:24:00

Ундун эң максималдуу баасы 31 сом (килограммы). 

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
taalay25
2020-04-10 15:39:11
Койчу эй
+1
TalaCSKA
2020-04-10 15:49:52
Эмне чын эле билбейби же алдап атабы?ун примерно 40 сом азыр розницага.Кереги жок агенттик эмне кереги бар зарплата толоп? жойуп эле койбойбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан