"Коронавирусту бийликтегилер атайын ойлоп тапкан". Жалган маалымат тараткан адам кармалды

Ош облусунда коронавируска байланыштуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"23-мартта Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айылында 1983-жылы туулган Ш.Б. аттуу Кыргыз жараны аныкталып, кармалды. Кармалган адам социалдык тармактар аркылуу "коронавирусту бийликтегилер атайын ойлоп тапкан жана ага каршы вакцина бар экен, аны сайдырбагыла" деген жалган маалыматтарды тараткан. Ал текшербестен, жалган маалыматка ишенип, аны тараткандыгын мойнуна алып, элден кечирим сурады. Анын ишине юридикалык баа берилет", - деп жазылат маалыматта.

Жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
murat17
2020-03-25 11:25:19
бул го жонокой жаран экен адашып суйлогон мына кыргыз окмотунун торагасы Дастан Жумабеков чыныгы сабатсыз адам экен 1 эмес эки эмес 3 жолу адашып суйлогонун кордум ушул апаат кетсе бул атыр-жатырды айдаш керек бизде сабатсыздар толуп кетти
+11
Samatalibei
2020-03-25 11:47:09
murat17, Туура. Кыргызда сөз бар, жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт деген бирок Спикер канча жолу жаңылып сүйлөп келет, өткөн күндөрдөн сабак албайбы! Сөздөн жаңылып уттуруп эле жүрө берсе спикер деген даражаны баркын кетиретко!
+6
TalaCSKA
2020-03-25 11:43:55
Биздин спикер эмне мынча сабатсыз ? спикер деген олкодогу экинчи адам го.наглый дагы экен аяабай же тантып алдым деп кечирим да сурап койбойт.
+6
JaneEr
2020-03-25 11:53:38
Жоголсунчу Жумабеков!!!
+4
zhykyo
2020-03-25 12:07:38
Ошондо спикерибиз ютуптан чыгабы кечирим сурап
+2
Kuban-1207
2020-03-25 12:36:50
Спикерден алыш керек ордуна Текебаевди койуш керек
0
Kyrgyz_bloger
2020-03-25 12:49:34
Атайын ойлоп табылган деп мен деле ойлойм бирок кыкендер ойлоп тапкан эмес да,Кытай же Америка кылышы мумкун.
+2
bond02
2020-03-25 15:07:32
Кимиси ойлоп тапса да, жардам катары которуп жаткан миллиондорду туура пайдалансын да.
+1
katerina.li
2020-03-25 16:31:18
Спикер жонундо макаланын комментарии ачып койсонор боло. Элдин оюун билишсин
+1
murat17
2020-03-25 18:30:20
katerina.li,туура айтасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан