Коңшу Кытайдын Шенжен шаарына Бразилиядан ири көлөмдө келген тооктун канаттарынан коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тооктун канаттарынан инфекция табылгандан кийин Кытай бийлиги дароо байланышкан адамдарды медициналык мекемелерге алып барган. Жыйынтыгында эч кимисинен инфекция табылган эмес.
Бул окуя боюнча дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирүү жасады. Алардын айтымында, коронавирусту тамак-аш аркылуу жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү өтө эле аз. "Азыркы учурда коронавирустун тамак-аш же таңгакталган азык-түлүк аркылуу жуккандыгы жөнүндө эч кандай далил жок", - деп билдирген уюм.