"Кийинки аптада парламент өзгөчө абал режимин талкуулоо үчүн чогулушу керек" дейт Никитенко

Кийинки аптада парламент өзгөчө абал режимин талкуулоо үчүн чогулушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде SUPER.KG порталына депутат Наталья Никитенко билдирди.

"Менин оюмча, Жогорку Кеңеш дайыма өзүнүн жыйынын өткөрүп турушу зарыл. Кийинки аптада парламент сөзсүз чогулушу керек. Анткени 15-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү соңуна чыгат. Ошондуктан 14-апрелден калбай чогулушубуз шарт", - дейт Никитенко.

25-марттан 15-апрелге чейин президенттин жарлыгы менен Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, Ош шаарына, Бишкек шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына коменданттык саат тартиби киргизилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан