Коронавирус пандемиясынан улам өлкөнүн аймактарына, анын ичинде Бишкек шаарына өзгөчө абал режими киргизилгени белгилүү. Режимдин талабына ылайык, кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзүнүн Фейсбук баракчасына 9-апрель түнү коменданттык саатты бузуп кармалган жарандардын видеосун жүктөгөн. Видеодон учурда жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулук кылып жүргөн актёр, "Азия MIX" командасынын оюнчусу Маратик катары таанымал Марат Жуманалиевди көрүүгө болот.
Окуя боюнча Бишкек шаардык комендатуранын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Окуя кечээ, 9-апрель күнү саат 21:30 чамасында орун алган. Марат Жуманалиев баш болгон бир нече адам коменданттык саат учурунда кармалышкан. Текшерүү учурунда Марат Жуманалиевде тиешелүү уруксат кагазы болгон, калган 6 жаранда уруксат кагазы болгон эмес. Андыктан документи жок 6 жаранга протокол түзүлгөн", - деп билдиришти тиешелүү органдан.
Белгилей кетсек, Марат Жуманалиев менен чогуу кайрымдуулук ишин MC Doncha каймана ат менен таанылган вайнер, актёр Данияр Токтомаметов жасап жүрөт. Данияр окуядан кийин социалдык тармак аркылуу республикалык штабга уруксат кагазы боюнча маселени чечип, шарт түзүп берүүнү суранган.
"Билесиздер да, ар кайсы адам ар кайсы даректе жашайт. Алардын ар бирине азык-түлүк жеткирип, таратканча убакыт кетет. Кечээ биздин эки унаабыз артта калып, укук коргоо органдарына кармалып калыптыр. Укук коргоо кызматкерлерине рахмат, биздин абалыбызды туура түшүнүп коё беришти. Биз да өз кезегибизде мындай окуя башка кайталанбай турганын айттык. Бизде тийиштүү көк түстөгү уруксат кагазы жок болчу, ошондуктан мындай окуяга туш болдук. Урматтуу республикалык штабдын өкүлдөрү, уруксат кагаз жактан маселебизди чечип, элге жардам берүүгө шарт түзүп бериңиздерчи", - деп кайрылган Данияр мырза.