Бүгүн, 12-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавируска байланыштуу өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу маалымат жыйын берди.
Өлкөдөгү ишканаларга жеңилдетилген насыяларды берүүдө каражатты кайдан табабыз, кайсы булактардан алабыз? Бүгүнкү күндө ички жана тышкы булактар табылды. Алдыда дагы иштер жүргүзүлөрүн маалымдады Эркин Асрандиев.
"Эгерде ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилсе, санитардык нормаларды сактап, жаңы эрежелердин, талаптардын негизинде иштеши керек болот. Мисалы, аз адам иштеген, байланыш азыраак болгон ишканалар ишин улантса болот. Бирок азырынча убактысын айтууга эртерээк", - деди Эркин Асрандиев.
"Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ири жана чакан ишканаларга анализ жүргүзүлөт. Көп чыгымга учураган ири ишканаларга жардам берилет. Тагыраагы, жеңилдетилген насыя алганга жардам беребиз. Жеңилдетилген насыя кимге жана качан берилери анализдин жыйынтыгына жараша болот", - дейт вице-премьер.
"Бизнеске колдоо жана экономиканы жандандыруу боюнча өкмөттүн экинчи планы иштелип жатат. Биздин максатыбыз илдетти мындан ары жайылтпоо жана калыбына келтирүү.
Кайсы ишканалардын, бизнестердин иштөөсүнө биринчи уруксат берүүдө чет өлкөнүн тажрыйбасына дагы кайрылабыз. Мындан тышкары кайсы тармактын ишин жандантсак жарандарды жумуш менен камсыз кыла алат, кандай пайда келтире аларына дагы көңүл буруп жатабыз. Учурда бизде экономикалык план иштелип жатат", - деди Эркин Асрандиев.