Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирусту алдын алуу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу өкмөт маалымат берүүдө.
Анда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22 санитардык-карантиндик жай уюштурулуп, вируска шектелген адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн 964 орун даярдалганын айтты.
Вице-премьер-министр коронавирусту алдын алуу жана анын өлкө аймагында жайылышына жол бербөө чараларын көрүү максатында, премьер-министр башында турган республикалык штаб жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында ыкчам топ түзүлгөнүн билдирди. "Дары-дармектер менен жеке коргонуу жабдыктары жетиштүү. Кырдаалдын создугуп кетүү тобокелчилигин эске алып, башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", - деди Алтынай Өмүрбекова.