"Балдар лагерлерине жайгаштырылат". Москвадан келе жатып Казак-Орус чек арасында калып калган кыргыздар боюнча маселе чечилди

7-майда мекенге кайтып келе жаткан 70ке чукул кыргыздар Казак-Орус чек арасында, тактап айтканда, Оренбург облусунун Бузулук районунда калып калышканы кабарланган. Чек арадан өтө албай калган мекендештердин маселеси чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"Оренбург облусунун администрациясы бул аймакта өзүн-өзү изоляциялоо режимин сактоо негизинде, Кыргыз жарандарын Казакстандын мамлекеттик чек арасы ачылганга чейин Оренбург облусунун Бузулук районундагы балдар лагерине убактылуу жайгаштыруу чечимин чыгарды.

Оренбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жана диаспора активисттери жарандарды аталган балдар лагерлерине жайгаштыруу максатында Соль-Илецк шаарынан Бузулук шаарына келишти.
Бузулук шаарынын жанында 70ке жакын кыргыздар бар. Аларды балдар лагерлерине жайгаштыруу боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен иш алып барылууда.

Айрым жарандар балдар лагерлерине баруудан баш тартышып, жерге чатырларды орнотууну талап кылып жатышат", - деп билдиришет мекеменин басма сөз кызматынан.

7-майда Соль-Илецк шаарынан 541 Кыргыз жараны Казакстан мамлекети түзүп берген бир жолку акциянын алкагында транзиттик коридордон өтүп, кыргыз жергесине келишкен жана медициналык байкоого алынышкан. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жарандардын Соль-Илецк шаарынан алып келиниши Орусиянын аймагындагы башка жарандарыбыздын Орус-Казак мамлекеттик чек арасы тарапка баруусуна түрткү болбошу керектигин маалымдаган.

"Ушуга байланыштуу, жарандарды сабырдуулукка үндөө менен Орус-Казак чек арасына карай жолго чыкпоого чакырабыз. Жашаган жерибизде калып, пандемияга байланыштуу Орусияда бекитилген санитардык-медициналык эреже, тартиптерди сактап, ден соолукту сактоону өзгөчө өтүнөбүз", - деп кошумчалашты элчиликтен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Belek1710
2020-05-10 10:22:06
Чатыр тигип алгыдай чоң атасынын жайлоосунда жайлап атыптырбы. Эркеликтин чеги да болот бөтөн жерде бөтөн өлкөнүн мыйзамын сыйлагыла да, башка кыргыздарга сөз тийбегидей болуп. Жатабыз го жумуш жок эле Москвада жол ачылып калса экен деп!!!
+12
Chungyz
2020-05-10 11:01:39
Жатып тургула эми лагерде айдай талаада ачка калгандан коро бизделе 2 айдан бери жатабыз уйдо
+6
JaneEr
2020-05-10 11:23:48
Оюна келгенин кыла турган заман эмес.Орустар аяп отурбайт
+5
Tyty1990
2020-05-10 13:28:19
Кыргызстанда жашоо жакшы деп ойлоп жатышат да. Андай эмес бизде да кыйынчылык акча жок. Доширактын энесин таанытып жатам үйдө
+2
Eliza-2014
2020-05-11 19:06:13
Tyty1990,боорду эзесинго
+1
Shabi
2020-05-10 14:24:44
Догурунуп ошол жакта дата берсе болмок.ачка калганда кайдан келсе ошол жака кетмек.карантин деп элдин баары эле уйдо олтурат,догурунбайле.
+1
Eliza-2014
2020-05-11 19:04:42
Сабыр кылгыла эми туугандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан