Жалал-Абад облусунда коменданттык саат учурунда 19 кылмыш иши катталды

Бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробеков маалымат жыйын берүүдө. Анда 12-апрелге караган түнү облус аймагында 19 кылмыш иши катталган.

«Өткөн суткада коменданттык саат ичинде 20:00дөн саат 7:00гө чейин Жалал-Абад облусу боюнча 24 адам кармалды. Анын ичинен Жалал-Абад шаарында – 16, Сузак району боюнча 8 адам. Жалал-Абад облусу боюнча 19 кылмыш иши катталып, анын ичинен коменданттык саат киргизилген аймакта – 5 кылмыш иши катталды. Учурда коомдук саясий жана криминогендик абал туруктуу», - деп билдирди Жоробеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
men70
2020-04-12 14:27:17
Ишинизге ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан