Британияда коронавирус менен ооруган адамдарды аныктоо үчүн тиркеме иштелип чыгат

Улуу Британиянын бийлиги коронавирус жуктуруп алган адамдардын жүргөн жерин билүү үчүн атайын тиркеме иштеп чыгууну тийиштүү тараптарга тапшырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тиркеме уюлдук телефон аркылуу коронавирус жуктуруп алган адамдар менен катнашта болгон жарандарды аныктап, аларды тесттен өтүшү керек экендигин билдирет.

"Тиркеме смартфондогу Bluetooth аркылуу иштейт. Эгерде кайсы бир адам коронавирус менен ооруган адамдын жанына аралыкты сактабай жакын келген болсо, ал билдирүү алат. Буга окшогон тиркемелер Сингапурда жана Индияда иштей баштаган", - деп жазылат маалыматта

Тиркемеге каттоо жана билдирүү жиберүү анонимдүү түрдө жүрөт. Жарандар тууралуу алынган маалыматтар укук коргоо органдарына берилбейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан