Үч эсеге өстү. Октябрь айында коронавирус инфекциясын жуктуруп алган балдардын саны көбөйдү

Октябрь айында COVID-19 илдетин жуктурган балдардын саны жогорулады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, сентябрь айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу октябрь айында илдетти жуктургандар үч эсеге көбөйгөн.

"Сентябрда окуучулар арасында вирусту 34ү жуктуруп алса, 14ү пневмония менен ооруганы аныкталган. Ал эми октябрь айында 110 мектеп окуучусу коронавирус инфекциясынан, 10 бала пневмониядан жабыркаганы тастыкталды", - деди ал.

Соңку суткада республика боюнча 384 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан