Орусияда сутка ичинде коронавирустан 24 жаран каза болду

Дем алыш күндөрү Орусиянын 52 аймагында 2 миң 186 адам коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ыкчам штабынын маалыматына таянып жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

"Сутка ичинде COVID-19 вирусунан 24 бейтап каза болгон. Жалпысынан Орусияда пандемиянын кесепетинен 130 адам көз жумган. Акыркы 24 саат ичинде 246 бейтап ооруканадан чыгарылып, илдеттен айыккан адамдардын жалпы саны 1 миң 291 адамга жетти", - деп айтылат маалыматта.

Орусияда коронавирус жуккан адамдардын жалпы саны 15 миң 770 адамга жетти. Алардын ичинен эң көбү Москва шаарынын тургундары, тагыраагы, 10 миң 306 киши вирус жуктуруп алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан