Казакстанда коронавирус менен 49 адам жабыркап жатат. 3 өлүм катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Бүгүн, 20-март саат 09:00гө алынган маалыматка ылайык, Казакстанда жалпысынан 49 адам коронавирус менен жабыркап жатат. Жаңы катталган учурлардын экөө Караганда облусунда экенин өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти деп жазышат казак басылмалары.

Караганда облусунда 2 жарандан коронавирус аныкталды, алардын бири 1971-жылы туулган, экинчиси 1972-жылы туулган жаран. Вирусту жуктуруп алгандар Минск-Караганда аба каттамы менен учуп келишкен.

Алматыда бүгүнкү күнгө карата үч жаңы учур катталды. Жабыркагандардын бири 1982-жылы туулган аял, экинчиси 1979-жылы туулган аял, ал Берлинден келген. Үчүнчүсү 1997-жылы туулган кыз, ал Франциядан келген.

Учурда Алматы шаарында 22, Нур-Султан шаарында 25 жана Караганда облусунда 2 жаран коронавирус менен жабыркап жатат.

20-мартка караган түнү мессенжерлер аркылуу Казакстанда коронавирус менен жабыркаган 3 бейтап каза болду деген билдирүүлөр тарады. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри бул маалыматты четке кагып, чындыкка дал келбей турганын кабарлады деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан