Вакцина ойлоп табылмайынча коронавирус жоголбойт

Вакцина иштелип чыкмайынча коронавирус жоголбойт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысынын атайын өкүлү Дэвид Набарро билдирген.

"Бул сасык тумоо сыяктуу бирде күчөп, бирде басаңдап калчу вирус эмес. Биздин оюбуз боюнча, бул вирус адам баласынын артынан көп убакыт бою жүрөт. Мындан улам бизди андан коргоочу вакцинаны иштеп чыгышыбыз зарыл", - деп билдирген Набарро.

Ошондой ал ар бир өлкө вирустан коргоочу механизм иштеп чыгуусу зарыл экенин билдирген. Аталган механизм өз учурунда ооругандарды изоляцияга алып, ооруну жайылуусун алдын алат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коомчулукка жакында корнавирус менен күрөшүүнүн жаңы жолдорун сунуштайт. Анда коронавирустан катталып жаткан өлүмдөрдүн санын азайтуу, бейтаптарды эффективдүү дарылоо жана илдеттин жайылуусун алдын алуу тууралуу айтылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ziregim
2020-04-13 17:19:25
Жакында деп кинонун рекламасын корсотконсубой эртереек айткыла, буткул дуйнолук ойунунар ойрон болот болбосо жакындааааа
+7
KG.Kushtarbek
2020-04-13 17:25:44
Ziregim,вакцина сыразы ойлоп таабылбайтда Кутуш керек ен азы дененде 1.2жыл Азр тапкан даары уколун бирок чыгара элек тажрыйба кылтаттар а ага 1.2жылдай убакыт кереккен.Кокус ошолорду Берип берсе елге может ал дагы бир органга зыяны бардыр ошону текшерип пака чыгара електер
-8
kuttubekuzgen
2020-04-13 19:50:52
KG.Kushtarbek,туура айтаттар мен сизге кошулаттар.
+2
anonymous
2020-04-13 21:46:15
kuttubekuzgen,туура айтаттар мен дагы кошулаттар
0
ZUXRIDDIN20
2020-04-13 17:56:18
Ойлоп табылмайынча эмес өздөрү ойлоп тапкан вирусуга дарыны сатыка чышкмайынча жоголбойт. Бирок Аллах шыфасын берсе вакцинаны да кереги жок 2003 - жылгы SARS вирусуга окшоп
+1
filis
2020-04-13 18:25:25
Ооо Жараткан Тенирим. Кыргыз элимди кырсыктан сактай кор. Жараткан Тенирим элиме ден соолук берсин.
-7
ZUXRIDDIN20
2020-04-13 22:43:47
filis,Эмнеге Экиге бөлүнлбересиңер Теңирчилер болуп. Тушунбой жатам. Аллахым деп эле жазаберчи тууганым. Башка мамлекеттерде жокко андайлар.
+1
Agayu
2020-04-13 18:52:46
Вакцинага уруксат беришпейт да , миң чыгарса да .
+2
munduz2016
2020-04-14 11:59:13
Кантип айыгып жатышат анда ооругандар,ошол кызык болуп жатат.
0
osor
2020-04-14 13:33:32
Вакцина табылмайынча жоголбошун любой жинди билет как будто ушул нерсени билбегендей суйлоп коюптурго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан