Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму карантиндик чектөөлөрдү алып баштаган өлкөлөрдү этият болууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, алынган чектөөлөрдөн улам коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну башталып кетиши мүмкүн. Коронавирус башка вирустарга караганда өтө тездик менен жайыла тургандыгын практика жүзүндө көрсөтө алды.
Буга чейин бир канча өлкө киргизилген карантиндик чектөөлөрдү жумшарта баштаган, айрымдары чектөөлөр май айында толугу менен алынарын билдирген.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзүндө абал жакшыра баштаганына карабай өлкөлөрдү карантин эрежелерин так сактап, оорунун 2-толкунун болтуруп албоого чакырды.