Өлкөдө активисттер дарыгерлерди коргоону талап кылган петицияга кол топтоп жатышат. Кол топтолгондон кийин петиция президентке, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, Саламаттыкты сактоо министрлигине, УКМКга, Прокуратурага жөнөтүлөт.
Петицияга кол коюу онлайн түрүндө change.org сайтында жүрүп жатат. Анын авторлору коронавирус менен күрөшүүдө биздин дарыгерлерге карата бир катар мыйзам бузуулар болду деп жазышкан.
"Буга кайдыгер карабаган активдүү жарандар дарыгерлерди ар кандай максатта чыныгы абалды жакшыртуу үчүн дарыгерлерге карата коюлуп жаткан куру дооматтардан коргойбуз", - деп жазылат анда.
Талаптары:
* Пандемия менен күрөшүүдө гранттык, насыялык акчалардын кандай коротулуп жаткандыгын ачык-айкын көрсөтүү. Медицина кызматкерлерине компенсация атуулдук секторлордун жана көз карандысыз ЖМКлардын катышуусунда өтсүн.
* Прокуратура тездик менен Конституциянын 31-33-39-47-беренелеринин бузулушу боюнча УКМК, Финансы жана Саламаттыкты сактоо министрлигине карата иликтөө жүргүзсүн.
* Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандардын жана медицина кызматкерлеринин саламаттыгын коргоо боюнча Кодекс иштеп чыксын. Нормативдик укуктук акт саламаттыкты сактоо тармагында жакшы эмес абалда, мыйзамдардын ишке ашуу механизмдери жок.