"Таластагы обсервацияда таптакыр шарт түзүлгөн эмес. Жакындарыбыз үйдөн тамак ташып жатышат" дейт облустагы обсервацияга жайгаштырылган жаран

Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендер обсервациядан чыгарылып, анын ичинен 51 жаран 18-майда Талас облусуна жөнөп кетишкен. Коопсуздук үчүн облуска келген 51 адам Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган обсервацияларга жайгаштырылып, алардан кошумча ПЦР-анализдер алынып, обсервацияга дагы 5 күн жаткырылары маалымдалган.

Талас облусунун Кара-Буура районундагы обсервацияда шарттар түзүлгөн эмес, жадакалса тамак-аш дагы жетишсиз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына обсервацияга алынган жаран айтып берди.

"Бишкек шаарындагы "Ганси" обсервациясынан чыгып жатканда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү үй карантинде болорубузду айтышып, шарттарын түшүндүргөн. Шаардагы обсервацияда 12 күн жатып, кайталанып алынган анализдерибиз таза чыккан. Обсервациядан чыккан 50-60тай киши 5-6дан болуп такси жалдап, жолго чыкканбыз. Таластын башындагы Талды-Булак айылындагы блокпосттон бизди дарыгерлер, укук коргоо кызматкерлери тосушуп, анализ алабыз, 20 мүнөт убактыңарды алабыз дешти. Алдыбызга милициянын унаасы жол баштап чыкты, биз артынан Боо-Терек айылындагы ооруканага бардык. Ал жерден бизге 5 күн обсервацияда жатасыңар дешти. Бешинчи күнү анализ алышып, жыйынтыгы чыккандан кийин үйгө барат экенбиз. Биз буга чейинки анализдерибиздин жыйынтыгын көрсөтсөк, "аныңар жарабайт" дейт.

50-60тай кишини шарты жок жайга жайгаштырып коюшту. Бул жерде жылуу суу жок. Бир бөлмөдө 6 киши болуп жатабыз. Тагыраагы, бөлмөнүн ичи экиге бөлүнгөн, ар биринде үчтөн киши жатабыз.

Обсервациядагы жарандардын жакындарынан келген тамак-аш

Тамак-аш жетпей калат. Менин келинчегим үйдөн тамак ташып жатат. Үйдө кичинекей 3 балам бар, жубайым мага тамак ташыйбы же балдарымды карайбы? Мага эле эмес, шарты барлардын жакындары дагы үйлөрүнөн тамак ташып жатышат", - дейт ал.

Облуска келгендерди милиция кызматкерлери обсервацияга жайгаштырып жаткан видео боюнча каарманыбыз мындай дейт.

"Бизди Талды-Булактан Боо-Терек айылындагы ооруканага алып келишти. Бейтапкананын башкы дарыгери облустагы алгоритм боюнча "обсервацияга алынасыңар, бизге силердин аныктамаңар жарабайт" деди. Биз министрликке байланышып, окуя тууралуу айттык. Алардан үй карантинине жөнөткүлө деген тапшырма берилди. Бирок бир аз убакыттан кийин эле башкы дарыгерге бирөөлөр телефон чалып, маселени губернатор чечерин кабарлады. Үйүбүзгө барышыбыз керек, колубузда анализдин жыйынтыктары турат дегенибизге карабай өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы келди дагы "үйгө жөнөтпөйбүз, обсервацияга алабыз" деп, бизди обсервацияга киргизип коюшту", - деди ал.

Редакциябызга кайрылган жаран үй-бүлөсү күтүп жатканын айтып, маселе эртерээк чечилсе экен дейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sale-81
2020-05-20 15:00:52
Байкуштарды неге мынча эзип атышат, ансыз деле канча күн эзилип жолдо келишти, Бишкекте жатып таза деп чыгып келишти эми жөн эле коюшпайбы,, обсервациясы наоборот ооручу жер экенго, түрмөнун условисы жакшы го бул жерге караганда,, ээй Таластын өпкөсү жок тыртыр губернатору, элиңди сыйлачы, өпкө эмей сенде боор да жок экенго чиркин, мынча катуу кеткенден кудайдан коркчу, сен деле ушундай бир күнгө туш келесиң, өмүр бою цервантта отурбайсын, ошондуктан жакшылап ойлончу, убалы кимге тиет деп
-7
Alinur96kg
2020-05-20 15:07:29
Эми азыраак кун чыдап,текшерилип айткандарын угуп койо бергиле да.Откондо келе албай атканынарда туалетке жатсак деле кыргызстанга алып кеткиле деп аттынар эле го.Талаада деле жатып келдинер да жылуу суу жок жерде.Кичине сабыр кылып турсанар баары жакшы болот.
+7
Birimdik5555
2020-05-20 15:25:09
Эми беш кун экен чыдап тургула,тамакты аз берсе да чыдаса болот. Эн жакшысы оз жеринердесинер,кете албай жургондор канча
+6
sale-81
2020-05-20 18:14:58
Жанагы бит таракандан деле вирус жугат болуш керек, видеону көрдүңөрбү силер?
-3
Baktyluumun98
2020-05-20 18:22:57
Тынч жаткыла! Шарт тузгудой курортко бардынарбы.
+5
Krai
2020-05-20 19:20:16
Baktyluumun98, туура айтасың ал жер курорт эмес бир аз чыдап тургула эң негизгиси Кыргызстанга келдиңер го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан