Түркияда Казакстандын жараны Олеся Суспицина карантиндин алынганын белгилеп, жарда сүрөткө түшүп жаткан жеринен кулап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
5 жылдан бери Анталья шаарында гид болуп иштеген 31 жаштагы Олеся жергиликтүү бийлик коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген айрым чектөөлөрдү алгандыгын билип, шаркыратмага барган. Ал 35 метр бийиктикте сүрөткө түшүп жатып, курбусунун көз алдында жардан тайып, кулап кеткен. Маалыматка ылайык, Олеся тосмону ашып, сыртына өткөн. Куткаруучулар анын жансыз денесин суудан алып чыгышкан. Түрк полициясы окуяны кокустук деп жыйынтык чыгарган. Ал эми маркумдун сөөгү туулуп өскөн Костанай шаарына коюлары айтылууда.