Орусия Кыргыз өкмөтүнө кайтарымсыз негизде коронавирус инфекциясын аныктоочу 20 миң анализди чыгарууга мүмкүн болгон 200 топтомдогу ПЦР тест-системдердин кезектеги партиясын берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардам, тагыраагы, ПЦР тест-системдердин топтомдору Кыргыз өлкөсүнө 15-апрелде жеткирилет. Кыргыз өкмөтү коронавирус менен күрөшүүгө көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн Орусиянын өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.