UFC 249 турнирине катышкан мушкерлерден коронавирус аныкталса, сотко кайрыла алышпайт

Кечээ, 10-майда АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турниринин бардык катышуучулары, анын ичинде мушкерлерден коронавирус инфекциясы аныкталса, сотко кайрыла алышпайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Америкалык ESPN аттуу спорттук каналы билдиргендей, эгерде бул турнирге катышкан бардык адамдардан (анын ичинде журналисттерден) коронавирус инфекциясы аныкталса, алар келишимге ылайык сотко кайрыла алышпайт.

Буга чейин бул турнирге катыша турган бразилиялык 40 жаштагы мушкер Роналду Соузадан коронавирус инфекциясы аныкталган. Коронавирус инфекциясы аныкталган бул мушкер ага чейин каршылашы Юрая Холл менен көз караш дуэлине чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан