Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымат жыйын беришти. Анда облус аймагындагы акыркы абал тууралуу маалыматтар айтылып, өкмөт өкүлдөрү жарандар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.
Жыйын учурунда: "Мен Майлуу-Суу шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балам менен турам, баламды жалгыз карайм. Азык-түлүк бизде кымбат, ал эми дүкөндөр карызга бербей жатат. Мен кантип күн өткөрө турганымды билбей жатам, бизге жардам болобу?", - деп суроо узатты Зуура аттуу тургун.
"Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусу боюнча 1 миң 723 тонна гуманитардык жардам мамлекет тарабынан бөлүнүп берилди. Ошол эле учурда Майлуу-Суу шаарына дагы гуманитардык жардам берилип, жардамдар шаардагы муктаж адамдарга таратылган. Андан сырткары жергиликтүү казынадан дагы шаарчага жардамдар каралышы керек. Бул боюнча мен жеке өзүм көзөмөл кылам, эгерде сиз айткандай көйгөй болсо чечүү аракетин жасайлы", - деп жооп берди өкмөт өкүлү.