Кечээ, 9-апрель күнү тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев чет өлкөдөгү Кыргыз жарандары боюнча маалымат жыйын берген. Жыйында ал "6-апрель күнү Орусиянын Екатеринбург шаарынан 17 жаран учуп келген. Алардын арасынан 7 жарандын биринчи экспресс-тести коронавирус бар экендигин көрсөткөн. Бейтаптар учурда обсервацияга алынып, медицина кызматкерлери акыркы анализдеринин жыйынтыгын күтүшүүдө", - деген.
Бүгүн, 10-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Кыргыз өлкөсүнүн эпидемиологиялык абалы тууралуу жыйында 17 жарандын баарынан алынган ПЦР анализи таза чыкканын билдирди.