Саламаттыкты сактоо уюмунда коронавируска каршы күрөшүүдө көп жолку кийилүүчү 19 миң 524 костюм бар

Саламаттыкты сактоо уюмунда коронавируска каршы күрөшүүдө бир жолку кийүүчү коргоо костюмдары 52 миң 886 даана, көп жолку кийүүчү коргоо костюмдары 19 миң 524 даана бар. Бул тууралуу вице-премьер министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"7-майга карата Саламаттыкты сактоо уюмунда 1 жолку кийүүчү коргоо костюмдарынын саны 52 миң 886 даана. Көп жолку костюмдарынын запастары 19 миң 524 даана бар. Респираторлор: 98 миң 405 даана жана 1 миллион 406 миң 924 даана медициналык бет кап бар. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонд аркылуу жекече коргонуучу каражаттарды сатып алууга 188 миллион сом саламаттыкты сактоо мекемелерине бөлүнүп берилди", - деди вице-премьер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан