Сооронбай Жээнбеков: "Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына ылайык, оорулуулардын саны карантин киргизилгенден 35-40 күн өткөндөн кийин азая баштаган"

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан көрүп жаткандай, оорулуулардын саны карантин киргизилгенден 35-40 күн өткөндөн кийин азая баштаган. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"Биздин адистердин анализи боюнча, Кыргыз өлкөсүндө ооруга туш болгон учурлардын көбөйүүсү апрель айынын экинчи жарымына туура келет деп божомолдонуп жатат. Өлкөдө коронавирус илдетине байланыштуу кырдаал оңой эмес. Коңшу мамлекеттерде жана бизге союздаш карым-катышыбыз тыгыз өлкөлөр да өздөрүнүн аймагында өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартып жатышат.

Азыркы кырдаал боюнча штабдын жетекчилеринен так маалымат алып, алардын сунуштарын уктум. Медициналык талаптардын сакталышы жана өз ара карым-катыш, байланыштардын кескин чектелүүсү учурдагы кырдаалды көзөмөлдө кармоо үчүн туура кадам болгонун баары белгилешти",
- дейт мамлекет башчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан