Интернетке "Тез жардам" кызматында иштеген кызматкердин "ачык асман алдында таштандыларды таштоочу урналардын жанында кийимибизди алмаштырабыз" деген видеосу тарады. Видеонун автору Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага коронавирус аныкталган бейтап менен байланышта болгон жаранды алып келгенин айтат.
Ошондой эле кызматкер "Тез жардам" унаасы таштанды ташталуучу жерге токтотулуп, жууларын билдирип, медициналык кызматкерлер таштанды салынган урналардын жанында кийимдерин (атайын формасын) алмаштырарын кошумчалаган.
"Ачык асман алдында таштанды салынуучу урналардын жанында кийимдерибизди алмаштырабыз. Ошондо биз коомдун калдыктары болуп калат экенбиз да", - дейт автор.