Тажикстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 10 миңден ашты

Акыркы суткада Тажикстанда коронавирус жугузган 38 бейтап катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, тажик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде 45 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Тажикстанда бул илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 10 миң 260 адамга жетти. Алардын ичинен 9 миң 103 бейтап айыгып, 79 адам каза болду.

Белгилей кетсек, Тажикстан коронавирус эң аз катталган мамлекеттин катарына кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан