Бүгүн, 23-мартта саат 13:00гө белгиленген вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин катышуусунда COVID-19 вирусунун экономикага тийгизген таасири боюнча онлайн маалымат жыйыны өтүп жатат.
Анда азык-түлүктүн тизмеси бекитилип ага 11 тамак-аш продуктуларынын бааларына, көлөмдөрүнө күн сайын мониторинг жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
"Өндүрүүчүлөр, соода түйүндөрү менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. 631 миллион сом каражат кошумча буудай алып келүүгө бөлүнгөн. Аймактарга негизги азык-түлүктүн запастарын жеткизүүнү карап жатабыз. Казакстан, Өзбекстандан бизге ун, өсүмдүк майы, буудай киргизилип жатат. Чек арадан жүк алып өтүү мурдагыдай тартипте жүргүзүлүп жатат", - деди Асрандиев.