Биринчи вице-премьер: "Мурдагы саламаттыкты сактоо министри өзүнүн ресурсун колдонуп, даярдыгын көргөн. Жарым жолдо бирөөнү күнөөлөбөй туралы"

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов токтомдон мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо боюнча маселени алып турууну суранды.

"Мурдагы саламаттыкты сактоо министри өзүнүн ресурсун колдонуп, даярдыгын көргөн. Өнүккөн мамлекеттерде да коронавирус аныкталып жатат. Жарым жолдо биз бирөөнү күнөөлөйбүз деп, калган жетекчилерди колго чапканы турабыз. Жетекчилер "мени да жазалайт" экен деп, чечим кабыл алгандан коркуп калат. Менин суранычым бул маселени алып туруңуздар", - дейт Боронов.

Бороновдун сунушун депутат Акылбек Жапаров дагы колдоду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан