Кыргыз өлкөсүндөгү Кытай ишкерлеринин ассоциациясы муктаждарга жардам берди

Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин ассоциациясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында кабарланды.

Маалыматкы ылайык, аны кабыл алуу иш-чарасына өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Самат Кылжыев, ошондой эле Кыргыз өлкөсүндөгү Кытай Эл Республикасынын элчилигинин кызматкерлери катышты.

Кыргыз өлкөсүндөгү кытай ишкерлеринин ассоциациясы тарабынан 50 килограммдык 550 кап ун, 5,5 тонна кумшекер жана 5 миң 500 литр өсүмдүк майы алынган. Азык-түлүктөрдү муктаж жарандарга таратуу үчүн Жардам штабына өткөрүп берилди.

Бул гуманитардык жардам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында калктын аярлуу катмарына таркатылат.

Белгилей кетсек, кыргыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кытай Эл Республикасынын жарандары буга чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ооруканаларда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине 600 даана коргоочу кийим берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ooki8888
2020-04-16 11:35:16
Рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан